23- Ноябрь 1964 -жылы
экс-министр Айгүл Рыскулова туулган
Кыргыз Республикасынын мурдагы Эмгек менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова Бишкекте туулган.
Билими - жогорку, юрист.
2009-жылы 22-октябрда Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Кыргызстандын эмгек, жумуштуулук жана миграция министри болуп дайындалган.
2010-жылы декабрь айында Айгүл Рыскулова Кыргыз Республикасынын президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.
2012-жылы 17-августта Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына дайындалган.
2012-жылы 17-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымдык кызматынан кеткен.
2014-жылы апрель айында Социалдык өнүктүрүү, үй-бүлө жана балдарды коргоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.