23- Июнь 2009 -жылы Кыргыз-советтик партиялык ишмер Темирбек Кошоев көз жумган
Кыргыз-советтик партиялык ишмер, учурунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы болгон Темирбек Кошоев 77 жашында көз жумган.
Темирбек Кошоев 1931-жылы Чүйдүн Кичи-Кемин айылында төрөлгөн. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Ош облусунда өткөргөн. 1957-1966-жылдар аралыгында Оштогу райондук аткаруу комитетинин экинчи катчысы, Кара-Суу районунун жетекчилигин аркалаган. Ал эми 1966-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин жетекчиси, 1981-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан