27- Ноябрь 1827 -жылы
Синьцзян бийлиги Жахангирдин Кыргыз жергесинде жашырынып жүргөндүгүн маалымдаган
Синьцзян башкаруучусу Хун Лин кашгарлык кожо Жахангирдин кыргыздардын арасында жүргөндүгүн билдирген жарлык жарыялаганы. Кашгарлык кожолор Чыгыш Түркстанда кытай бийлигинин орношуна каршы чыгышып, ал кыймылдын башында Жахангир кожо турган. Жахангир кыргыздардын колдоосун алып, Кашгарды кытайлардан кайра кайтарууну көздөгөн. Жахангир кожо саяк уруусунун башчысы Атантайга келип, аларды Кашгар багытында чапкынга чыгаруу аракетин жасаган.