28- Ноябрь 2005 -жылы
Казакстандык күч органдары Кыргыз өлкөсүнүн соодагерлерин себепсиз өлкөдөн чыгарышкан
Казакстандык күч органдары Алматы базарында соода кылган Кыргыз жарандарын себепсиз эле өлкөдөн чыгарышкан. Кыргыз-казак чек арасына алынып келген Кыргыз жарандары өкмөт үйүнүн маңдайына топтолуп, митинг өткөрүшкөн. Ал учурдагы премьер-министр Феликс Кулов "депортациялоонун" себебин түшүндүрүүнү өтүнүп, Казакстан өкмөтүнө кайрылган.