Күлгүн ыңкылабы ушул күнү башталып 2005-жылдын январына чейин уланган. 21-ноябрда Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо Виктор Януковичтин утканын жарыялаган. Януковичтин атаандашы - Виктор Ющенконун тарапташтары жана чет элдик байкоочулардын көбү Янукович эреже бузуулар менен жеңгенин айтып чыгышкан. 2004-жылы 3-декабрда Украинанын Жогорку Соту шайлоону кайрадан 2004-жылдын 24-декабрына койгон. Бул ирет Ющенко жеңишке жеткен.