22- Ноябрь 1890 -жылы Франциянын экс-президенти Шарль де Голль туулган
Шарль Андре Жозеф Мари де Голль — француз генералы, мемлекеттик ишмер. 
Париждеги Жогорку аскердик мектепти бүтүргөн. Биринчи (1914-1918), Экинчи дүйнөлук согуштарда активдүү катышкан. 
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң Голлдун Францияда президенттик башкаруу үлгүсүн орнотууга кошкон салымы чоң. 1946-жылы бийликтен кетүүгө аргасыз болуп, "Франция элинин биримдиги" партиясын түзгөн. 1953-жылы ал партиясын кайрадан таратып жиберген. 
1957-1958-жылдары Францияда саясий кризис башталып, узакка созулуп кеткен Алжирдеги согуш дагы бир себеп болуп Франция өкмөтүнүн көпчүлүк бөлүгү Голлду өкмөттү башкаруу чакырган. Ал өкмөт башчы болуп турган убакта өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, анын негизинде президенттик шайлоо өтөт. 1958-жылы 21-декабрда шайлоо болуп, 75,5 % менен Голль республика президенти болуп шайланган. 1965-жылы кайрадан 7 жылдык мөөнөткө Голль шайланат. Ал өлкөнү башкарып турган убакта Франция атом куралын даярдап, ядролук державага айланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан