22- Ноябрь 1916 -жылы америкалык жазуучу Жек Лондон көз жумган
Американын прогрессивдүү жазуучусу, журналист жана коомдук активист Жек Лондон 40 жашында көз жумган.
Жазуучу 1876-жылы 12-январда Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо жарды дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун бала чагы кысымчылыкта жана жакырчылыкта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. 11 жашында көчө кыдырып гезит сатса, андан соң балык уулап акча тапкан. Кийин консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайларда жумушчу болуп иштеген. Матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барган жана репортёрлук кызматты аткарып, жумушсуз калгандыгы үчүн түрмөгө да түшкөн. Ал туулган үй 1906-жылкы Сан-Франциско зилзаласында күйүп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын өзү жойгон.
1905-1910-жылдар Жек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Анын көлөм жана идея жагынан зор чыгармалары "Темир бут", "Мартин Иден", "Ак азуу", "Таптардын күрөшү", "Революция", "Үчөөнүн жүрөгү", "Деңиз карышкыры" жана "Чоң үйдүн кичинекей кожойкеси" аттуу эмгектери чет мамлекеттерге тарап, окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланган. Бул эмгектерде жазуучу негизинен капитализм коомунун чирип, ойрон болуп баратканын, революциянын жакындап калганын жана пролетардык революцияга карата өзүнүн көз карашын жазган. Жек Лондонго чейин Американын адабиятында бул сыяктуу революцияга жана пролетариатты биригүүгө ачык жана чечкиндүү чакырган чыгармалар болгон эмес. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде 10дон ашуун тасма тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан