23- Ноябрь 1971 -жылы Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон
Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсүнө айланган. БУУнун Коопсуздук Кеңеши - БУУнун туруктуу иштөөчү башкы саясий органы. БУУнун жобосу боюнча ага эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башкы жоопкерчилик жүктөлгөн. БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүнүн негизинде иштейт. Ал 15 мүчөдөн турат, алардын бешөө туруктуу мүчө болуп саналат (Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай). БУУнун КК белгиленген тартипте кабыл алган чечимдер БУУга мүчө бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналат. БУУнун КК эл аралык тирешүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон бардык талаштарды иликтөөгө, мындай талаштарды жөнгө салуунун жол-жоболору жана усулдары боюнча сунуштарды берүүгө, БУУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу же БУУдан чыгаруу жөнүндө сунуш кылууга, тынчтыкты бузган же баскынчылык актысын жасаган мамлекетке карата мажбурлоо чараларын көрүү, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Олуттуу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк 9 добуш менен кабыл алынат, мында БУУнун ККнын туруктуу мүчөлөрүнүн бири да каршы добуш бербөөгө тийиш.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан