24- Ноябрь 1642 -жылы Голландиялык изилдөөчү Абель Тасман дүйнөгө белгисиз аралдарды ачкан
Голландиялык изилдөөчү Абель Тасман 1642-1644 жылдары ал деңиз экспедицияларын жетектеп, буга чейин дүйнөгө белгисиз аралдарды ачып, кийин ал жерлердин бирине Тасмандын ысымы ыйгарылган.
Жаңы Зеландия, Тонга, Фиджи жээктерине европалык изилдөөчүлөрдөн биринчи болуп жеткен. Экспедиция маалында чогултулган маалыматтар Австралия өзүнчө жайгашкан континент экенин тастыктаган.
1647-жылы ал Сиамга өкүл катары жиберилет. 1648-жылы испан флотуна каршы болгон 8 кемеден турган отрядын жетектеген.
Болжол менен 1651-жылы Абел Тасман отставкага чыгып, Батавияда соода менен алектенип калган.
Абел Янсзон Тасман 1659-жылы 10-октябрда Батавияда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан