23- Июнь 1965 -жылы Орусиялык ырчы Валерий Меладзе төрөлгөн
Орусиялык белгилүү ырчы Валерий Меладзе Грузиянын Батуми шаарында төрөлгөн. Паспорту боюнча аты Валерий эмес – Валериан. Валерий бала кезинде ырчы болом деп такыр кыялданган эмес. Ата-энеси музыка сүйүүчүлөрдөн болгондуктан, Валерийди жана агасы Константинди музыкалык мектепке беришкен. Ал кичинесинен космонавт болууну самап, авиациялык ийримге барган. Ошол эле учурда спорттун сууда сүзүү жана грузин күрөшү түрлөрүн да мыкты өздөштүргөн. Учурунда күрөш боюнча өз шаарынын чемпиону да болгон.
Мектепти бүтүрүп, шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра алган эмес. Телефон оңдоочу болуп иштеп, жумуштан кийин кошумча китеп окуп, окууга тапшырууга өзүн даярдайт. Инженер болом деп сынакка камынып жүргөн кезде аскерге чакырык келет. 24-июнь күнү аскерге жөнөмөк. 23-июнда 18 жашын жана аскерге узатуу кечесин кызуу майрамдайт. Таң эрте аскер комиссариатынан чакыруу толуп калгандыгы жана анын кийинки чакырыкка калары тууралуу кабар келет. Бул кабарды укканда Батумидеги ЖОЖго тапшыруу мөөнөтү да бүтүп калган эле. Ошентип, Украинада окуган агасы Константиндин жанына барып кеме куруу институтуна тапшырып, өтүп кетет.
Бөтөн шаарда бири-бирине жөлөк-таяк болгон бир туугандар бүгүнкү ийгиликке акырындап жетишкен.  Кийин экөө "Апрель" аттуу музыкалык ансамблдин мүчөлөрү менен таанышып калышат. Ал ансамблге клавишада ойноочу адам керек эле. Валерийге ошондо музыкалык мектепте окуганынын пайдасы тийип, башында клавишада ойноп, кийинчерээк бэк-вокалчы болуп калат. 
Шоу-бизнеске аралашып, жол-жобосун түшүнүп калган ага-ини өздөрүнчө иштей башташат. Бири ыр жазып, экинчиси аткарып. 1994-жылы Меладзенин "Не тревожь мне душу, скрипка" ("Скрипка, жан дүйнөмдүн тынчын алба") аттуу алгачкы ыры хитке айланат. Ошол ыры менен Валерий "Жылдын ачылышы" наамына ээ болуп, көптөгөн көрүнүктүү адамдардын көзүнө илине баштайт. Алардын бири Алла Пугачёва болгон. Примадонна аны өзүнүн жаңы жылдык кечесине чакырат. Меладзенин чоң шоу-бизнеске аралашып калуусуна дал ушул кече себепкер болгон. Ал жерден Пугачёва аркылуу аттуу-баштуу ырчылар менен таанышып калат да, мындан аркы ишине жол ачылат. "Сэра", "Актриса", "Девушка из высшего общества" аттуу ырлары биринин артынан бири жаралып, популярдуу ырларга айлана берет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан