Орусиялык актёр жана режиссёр Никита Михалков Москвада туулган. Ал 1956-1959-жылдары Москва консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектепте фортепиано классында окуган. 1963-жылы Щукин атындагы театралдык училищеге тапшырып, 1966-жылы тасмага тартылгандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Себеби ал окуу жайда окуган студенттерге окууну аяктагыча тасмага тартылууга тыюу салынган. Кийин ВГИКтин режиссёрлук факультетинин экинчи курсуна отуруп, аны 1971-жылы аяктаган.