23- Июнь 1972 -жылы Француз футболчусу Зинедин Зидан туулган
Теги алжирлик болгон атактуу француз футболчусу, 3 жолку Дүйнөнүн мыкты оюнчусу (1998, 2000, 2003) Зинедин Зидан Франциянын Марсель шаарында туулган. Клубдук карьерасын “Канн”, “Бордо”, "Ювентус", "Реал Мадрид" клубдарында өткөрүп, Европадагы бир катар ири мелдештерде жеңишке жетишкен. Франциянын улуттук курамасында лидер катары 1998-жылы Дүйнө чемпиондугун утуп калган. 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинде финалда Италиянын коргоочусу Марко Матераццини башы менен сүзүп, калыс тарабынан оюндан айдалган. Бул беттеш анын профессионалдык карьерасындагы акыркы беттеши болуп, футболчу чоң футбол менен коштошкон. Түрдүү басылмалар аны футбол тарыхындагы мыкты футболчулардын алдынкы сабына жайгаштырып келишет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан