24- Октябрь 1966 -жылы
Орусиялык ишкер, миллиардер Роман Абрамович туулган
Орусиялык жеке ишкер, миллиардер, Чукотка облусунун экс-губернатору, атактуу "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович Саратовдо туулган. 1983-жылы Москвадагы №232 мектепти аяктаган. Окууну бүтөрү менен Ухтадагы индустриялык окуу жайга тапшырган. Бирок окуусун таштап өз эрки менен аскерге кызмат кылуу үчүн барып, Владимир облусундагы Киржач артиллериялык полкунда катардагы жоокердин милдетин эки жыл аткарган. Аскерден келген соң жеке ишкерлик менен алектенип, Орусиянын мурунку президенти Борис Ельцин менен иштешип калган. 1999-жылы №223 Чукотка округунан Мамдумага депутат болуп, кийин 90% добуш менен облус губернатору болуп шайланган. Кийинки президент Путин дагы 2005-жылы Абрамовичти шайлоосу жок эле экинчи ирет губернаторлукка көрсөтүп, жергиликтүү кеңештин 100 пайыз добушу менен ордунда калган. Ал эми 2008-жылы 3-июлда өз ыктыяры менен губернаторлук орунду бошоткон.
2003-жылы Абрамович Лондондун "Челси" футбол клубун сатып алган.