25- Октябрь 1990 -жылыВлад Листьевдин “Поле чудес” телеберүүсү экранга чыга баштаган
Влад Листьевдин “Поле чудес” телеберүүсү экранга чыга баштаган. Кыргызча айтканда “Кереметтер талаасы” – америкалык “Ийгилик дөңгөлөгү” деген телеберүүнүн негизинде жасалган теледолбоор болгон. Анын биринчи алпаруучусу Владислав Листьев болгон. 1991-жылдан баштап аталган программаны Леонид Якубович алып бара баштаган. Ал эми алпаруучулардын алмашышы Владислав Листьевдин ден соолугунун начарлашы менен түшүндүрүлгөн.