25- Октябрь 1881 -жылы Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассо туулган
Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассо Испаниянын Малага шаарында төрөлгөн. Ал сюрреализм жана кубизм стилдеринде иштеген. Бул киши XX кылымдагы сүрөт искусствосунун өсүшүнө салымын кошкон сүрөтчүлөрдүн бирден бири болуп эсептелет. Ал өз өмүрүндө 20 миңге чукул картина жараткан. Пикассонун "Жылаңач, жашыл жалбырак жана бюст" аттуу чыгармасы 106 482 000 долларга сатылган жана ал дүйнөдөгү эң кымбат картина деп табылган.
Пабло Пикассо бала кезинен эле сүрөт тарта баштаган. Келечектеги сүрөтчүнүн устаты, анын атасы болгон. Себеби, атасы Хосе Руис сүрөт сабагынан мугалим болуп, баласына сүрөт тартууну үйрөткөн. Ал 8 жаш курагында "Пикадор" аттуу алгачкы картинасын май боёк менен тартып, аны өмүр бою сактап келген. Ал бир катар сүрөт мектептеринде билим алып, 14 жашында Ла-Лонху көркөм искусство мектебине тапшырган. 1987-жылы Мадридке кетип, ал жерден Падышалык Академиясында окуган.
Пикассо 1902-жылдан тарта кедей, азиз, аракеч адамдарды көп тарта баштайт. Ал ошол эмгектери аркылуу адамдардын жашоодо көргөн азаптарын, кыйын кезеңдерин чагылдырган. Анын ошол кездеги сүрөттөрүндө көк түс басымдуулук кылган. Сүрөт искусствосунун тарыхында, Пикассонун чыгармачылыгындагы ал учур "Көк аралык" деген ат менен сакталып калган.
Атактуу испаниялык сүрөтчү, айкелчи, график, керамист жана дизайнер, Эл аралык Ленин сыйлыгынын лауреаты Пабло Пикассо 1973-жылы 8-апрелде 91 жашында каза болгон.
Пикассонун чыгармачылыгына арналган музей 1960-жылы Барселонада ачылган. Бул музейди, анын жакын досу Хайме Сабартес ачкан. Кийин музей беш особнякты - Монткада-Мека, Беренгер-д'Агилар, Маури, Финестрес жана Баро-де-Кастельетти ээлеген. Пабло досунун өлүмүнөн кийин ал музейге 2450 картина, керамикадан жасалган 141 эмгегин тапшырып, ал музейде Пикассонун 3500 дөн ашуун чыгармалары сакталып калган.
Ал эми 1985-жылы Парижде Пикассо музейи ачылуу аземи болуп өткөн. Бул музейге сүрөтчүнүн 200 картинасы жана 158 скульптуралык, коллаждык эмгектери берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан