Кыргызстандагы өткөн президенттик шайлоо өлкө кадырына доо кетирген чыр менен жыйынтыкталган. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын 61-беренесиндеги “президенттик кызматка талапкер мамлекеттик тилди билиш керек” деген көрсөтмөгө таянып Тил комиссиясын түзгөн. Комиссияга талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин сыноо милдети жүктөлгөн. Эл аралык уюмдар, айрыкча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму тил сынагы эл аралык талаптарга жооп бербестигин алдын ала белгилеген.