31- Октябрь 1925 -жылы Кыргызстандан чыккан советтик аскер башчы Михаил Фрунзе каза болгон
Коомдук жана саясий ишмер, Кыргызстандан чыккан советтик аскер башчы Михаил Фрунзе 40 жашында операция учурунда каза тапкан.
Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган.1896-жылы 7 жашында Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербурдагы политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп журуп, революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин граждандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана дениз министри болуп дайындалган.
Анын атын Бишкек шаары 1926-жылдан 1991-жылга чейин алып жүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан