26- Октябрь 1973 -жылы Советтик аскер жана мамлекеттик ишмер Семён Будённый каза болгон
Советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, Граждандык согуштун баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), 3 жолку Советтер Союзунун Баатыры (1958, 1963, 1968) Семён Будённый 90 жашында көз жумган.
Семён Будённый 1919-жылдан КПССтин мүчөсү. Кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1903-жылы армия кеткен. Орус-япон согушунда (1904-1905), 1-дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Георгий крести менен сыйланган. Улуу Октябрь революциясынан кийин Дондо Сальский округдук аткомунун мүчөлүгүнө шайланган. 1918-жылы ак гвардиячыларга каршы атчандар отрядын уюштурган. Отряд көбөйүп полкко, бригадага, анан дивизияга чейин жеткен. 1919-жылы июлда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, ноябрда 1-атчандар армиясына айланган. Бул армия Граждандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921-1923-жылдары Революциячыл аскер советинин мүчөсү, анан Түндүк Кавказ аскер округунун командачысына орун басар болгон. Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштерди жасап, жылкынын жаңы породалары чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын Баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү, 1924-1937-жылдары РККАнын атчан аскер инспектору болгон. 1932-жылы М.В.Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, 1939-1940-жылдары коргоо эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын составында, Ставканын резерв армияларынын командачысы жана бир катар фронттун командачысы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан