27- Октябрь 1728 -жылы Англиялык деңиз саякатчы Жеймс Кук туулган
Англиялык деңиз саякатчы Жеймс Кук туулуп, 1779-жылы 14-февралда 50 жашында каза болгон. Ал жер шарын айланып чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11 архипелагды жана 27 аралды ачкан. Канададагы, Жаңы Зеландиядагы деңиз өткөөлдөрүн жана алардын жээктерин, Австралиянын чыгыш жээгин жана Жаңы Гвинеянын бир бөлүгүн картага түшүргөн. Биринчи экспедициясында (1768-1771) Жаңы Зеландия 2 аралдан (Түштүк жана Түндүк) тургандыгын далилдеген. Аларды бөлүп турган кысыкты, Австралиянын чыгыш жээгин, Чоң Тоскоол рифин изилдеп, экинчи экспедициясында (1772-1775) Түштүк жарым шардагы мелүүн алкактарда кургактыктын ири массивдери жок экендигин аныктап, Жаңы Гебрид аралынын түштүк тобун, Жаңы Каледонияны, Норфолк аралын, Туамоту архипелагынын 2 атоллун, Коом, Кук аралынын түштүк бөлүгүн картага түшүргөн. Азия менен Американын ортосунда кысык бар экенин толугу менен далилдеген. 1773-жылы тарыхта 1-болуп Түштүк уюлдук тегеректи кесип өтүп, 71°01´түштүк кеңдикке жеткен. Кук уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Үчүнчү экспедициясында (1776-1779) Гавайи аралына жетип, Американын түндүк-батыш жээгин изилдеген. Кук Гавайи аралындагы жергиликтүү калк менен болгон кагылышта курман болгон. Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу (Кук архипелагы), Жаңы Зеландиядагы Түштүк жана Түндүк аралын бөлүп турган кысык, Алясканын жээгиндеги булуң Куктун ысмынан аталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан