АКШнын, ошондой эле эркиндиктин жана демократиянын символу деп аталган Нью-Йоркто жайгашкан Эркиндик айкели 1876-жылы АКШнын кѳз карандысыздыгына карата кабыл алынган Декларациянын жүз жылдык мааракесине карата Франция элинен белек катары жасалган. Эркиндик айкелинин салтанаттуу ачылышы мааракеден 10 жыл өткөндөн кийин болгон. Ал толук "Дүйнөнү жарыктандырган эркиндик" деп аталат.