“Майкрософт” корпорациясынын негиздөөчүсү, учурда дүйнөнүн эң бай адамы, (2009-жылдын сентябрына карата байлыгы 50 миллиард долларды түзгөн) америкалык Билл Гейтс Сиэтлде (Вашингтон штаты) туулган. Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт боюнча Гарвардга тапшырган. Ата-энесинин планы боюнча, атасына окшоп адвокат болмок. Бирок Гарварддан тапкан бир гана пайдасы – досу, “Microsoft`тун” болочок президенти Стив Баллмерди жолуктурганы болгон.