Лениндик сыйлыктын лауреаты, белгилүү орустун балдар жазуучусу, котормочу жана сынчы, филология илимдеринин доктору К.И.Чуковский 89 жашында Москвада дүйнөдөн кайткан.
Корней Чуковский 1882-жылы 31-мартта Петербургда туулган.
Өзүнүн эмгек жолун Одесса шаарында маляр болуп иштеп баштаган. Ашпозчунун баласысың деген шылтоо менен Николайды (Корней – псевдоними, өз аты Николай) гимназиядан чыгарып салышкан. Иштеп жүрүп, өз алдынча окуп, билимин көтөргөн. Англис тилин өз алдынча үйрөнүп, орто билим алгандыгы тууралуу аттестатын сырттан экзамен берип алып, “Одесса жаңылыктары” газетасынын Лондондогу кабарчысы болуп иштеген.
Ал 1905-жылы Орусияга кайтып келип, Петербургда “Сигнал” аттуу сатиралык журналды чыгара баштаган. Журнал тез эле өкмөт тарабынан жабылып Корней Иванович камакка алынган. Ошол жылдары ал орустун улуу акыны Н.А.Некрасовдун чыгармачылыгына терең кызыгып, 40 жыл изилдеген. “Некрасовдун устаттыгы” деген ири эмгегин жараткан. Бул эмгеги үчүн ага 1962-жылы Лениндик сыйлык ыйгарылган, ал эми Оксфорд университети “адабияттын доктору” деген ардактуу наам берген.
Советтик балдар адабиятынын тарыхы Чуковскийдин ысымы менен тыгыз байланышкан. Талыкпас калемгердин калеминен “Мойдодыр” (1923), “Бармалей” (1925), “Айболит” (1929), “Эпсиз чоң үй коңуз” аттуу чыгармасы жаралган. Жазуучу Марк Твендин “Том Сойердин жоруктары”, “Бичер-Стоун”, “Том байкенин кепеси” сыяктуу чыгармаларын, Киплингдин жомокторун орус тилине которууда баа жеткис эмгек сиңирген. Балдардын психологиясын кеңейтип, сөз байлыгын өстүрүүдө зор роль ойногон. “Экиден бешке чейин” деген китеби 20дан ашык жолу кайрадан басылып чыккан.
К.Чуковский орус тилин изилдөө ишинде да көп күч жумшаган. Америкалык улуу акын Уолт Уитмендин чыгармаларын орус окурмандарына тартуулаган. А.П.Чеховдун чыгармачылыгы жөнүндө да эмгек жазган.
Жазуучунун адабиятка синирген эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, Ленин ордени, үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.