29- Октябрь 1889 -жылы
Орус философу, ойчул-утопист, революциячы Николай Чернышевский көз жумган
Орус философу, ойчул-утопист, революциячы Николай Чернышевский 61 жашында көз жумган.
Чернышевский дин кызматкеринин уулу болгон. Ал Саратовдо диний семинарияда, андан кийин Петербург университетинин тарых-философия факультетинде окуган. Жаш кезинде эле ал жашап турган тартипти сынга алып, монархияны кулатууну жактап чыккан. Бул революциялык ишмердиги Чернышевскийди камоого жана 1862-жылы сүргүнгө айдоого алып келген.
Чернышевскийдин философия боюнча негизги чыгармалары "Искусствонун чындыкка эстетикалык мамилеси" (1855), "Орус адабиятынын гоголдук мезгилиндеги очерктери" (1855-1856), "Общиналык ээликке каршы философиялык жөрөлгөнү сындоо" (1858), "Философиядагы антропологиялык принцип" (1860), "Адамзат билимдеринин мүнөзү" (1855).