11- Ноябрь 1821 -жылы Орус жазуучусу жана ойчул Фёдор Достоевский туулган
Орус адабиятынын классиги, жазуучу жана ойчул Фёдор Достоевский 1821-жылы 11-ноябрда Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 7 баланын 2-си болгон. Атасы Михаил Достоевский ооруканада эмгектенген. Ал кичине жашынан эле жомок, уламыштарды угуп, ошону менен бирге орус, англис, француз жана немис авторлорунун китептери менен да таанышкан. 1837-жылы апасынан айрылып, ошол жылы эле мектепти таштап Николаев атындагы аскердик-инженердик институтка кирген. Бул окуу жайды бүткөндөн кийин инженер болуп иштеп, кийинчерээк кошумча киреше үчүн китептерди которо баштаган. 1846-жылы биринчи романын, "Бечара кишилерди" ("Бедные люди") жазган. Бул романга адабий сынчылар оң баа берип, жазуучу элге кадыресе тааныла баштайт. 1849-жылы жазуучу М.В.Петрашевский түзгөн топко аралашканы үчүн кармалып, аны менен бирге бир канча киши атууга өкүм кылынган. Бирок кийин Достоевскийдин жазасы жеңилдетилип, Сибирге сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин аны армия жаатында иштөөгө мажбурлашып, катардагы жоокер болуп 5 жыл кызмат өтөйт, бирок ден соолугу начар болгондуктан, армиядан куулуп, адабий эмгектерин уланта баштаган. Ал чыгармаларында 19-кылымда социалдык, саясий жана руханий жактан олку-солку болуп турган Орусиядагы адамдардын психологиясын кеңири сүрөттөгөн. Чыгармаларындагы каармандардын басымдуу бөлүгүн ит минген кедейчиликте жашагандар түзгөн. Достоевский 1850-жылдын ортолорунда эле китеп жаза баштаган, бирок ал эң окумдуу жана таанымал эмгектерин өмүрүнүн аяк чендеринде жазган. Булардын катарында "Көк мээ" ("Идиот"), "Кылмыш жана жаза" ("Преступление и наказание") жана "Бир тууган Карамазовдор" ("Братья Карамазовы") бар. Ал бардыгы болуп 11 роман, 3 повесть, 17 кыска роман жана 3 эссе жазган. Адабият сынчылары аны дүйнөлүк адабияттын эң зор жана эң көрүнүктүү психологу деп баа берип келишкен. Ф.Достоевский 1881-жылы 28-январда 59 жашында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан