Орусиялык географ жана Борбордук Азияны изилдөөчү Николай Пржевальский күзүндө Борбордук Азияга 5-жолу саякатка бара жатып, келте оорусунун айынан 49 жашында каза болгон. Сөөгү Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын жанына, көлдүн боюна коюлган. Ал эми 1889-жылы анын ысымы Каракол шаарына берилген.