4- Ноябрь 1956 -жылы
советтик рок-музыкант, ырчы, акын, актёр Игорь Тальков туулган
Советтик рок-музыкант, ырчы, акын, актёр Игорь Тальков Орусиянын Тула областындагы Грецовка кыштагында туулган.
Чыгармачылыгынын алгачкы жылдары "Апрель", "Калейдоскоп", "Электроклуб" топтору менен иштешкен. Ал эми 1987-жылы "Песня года" фестивалында "Чистые пруды" ырын аткарып, ушундан кийин белгилүү боло баштаган. Андан көп өтпөй "Спасательный круг" тобун түзүп, 1989-жылга чейин Игорь Тальков 200дөн ашык ыр чыгарган.
Игорь Тальков 1991-жылы 6-октябрда Санкт-Петербургдагы "Юбилейный" атындагы спорт сарайындагы концерт учурунда 34 жашында өлтүрүлгөн.