Немис композитору Феликс Мендельсон 38 жашында көз жумган. Ал композитор гана эмес пианист, дирижёр, педагог да болгон. Анын бүт дүйнөгө тараган чыгармасы "Жайкы түндөгү түш" ("Сон в летнюю ночь") деп аталып, көпчүлүк аны Мендельсондун “үйлөнүү үлпөт маршы” деп аташат.