8- Ноябрь 1935 -жылы Француз актёру Ален Делон туулган

Француз актёру, режиссёр, продюсер жана сценарист Ален Делон 1935-жылы 8-ноябрда Франциянын Париж шаарында туулган. Актёр 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кеткен. Аскердик кызматын өтөп келген соң, 1956-жылы Парижге кайтып келип, жумуш издей баштайт. Парижде А.Делон актёрдук курстарда окуп, театрда ойной баштайт. Ошол мезгилден тарта актёрго Голливуддан киного тартуу сунуштары түшө баштайт.

Ален Делон 1957-жылы "Аял кийлигишкенде" ("Когда вмешивается женщина") тасмасында роль жаратып, актёрлук карьерасын баштаган. Актёрго "Ачык күндө" ("На ярком солнце") (1960), "Рокко жана анын бир туугандары" ("Рокко и его братья") (1961), "Леопард" (1963) кинолорундагы ролдору атактуулук алып келген. "Леопард" тасмасындагы ролу үчүн А. Делон "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлсө, "Биздин тарых" ("Наша история") фильминдеги ролу үчүн "Сезар" сыйлыгына ээ болгон.

Ален Делон 1964-жылы 13-августта 28 жашында 23 жаштагы белгилүү режиссёр жана актриса Франсин Канова менен баш кошкон. Франсин Канова кино дүйнөсүндө Натали Делон деген ат менен белгилүү. Алардын 1964-жылы 30-сентябрда төрөлгөн уулу Энтони Делон дагы актёрдук кесипти тандап алган. 1968-жылы 25-августта А. Делон жана Н. Делон ажырашып кеткен.

Ал эми актриса Мирей Дарк менен Ален Делон 15 жыл бирге жашаган. Мирей Дарк жол кырсыгына кабылат. Бул учурда актёр чыгармачылыгын таштап, М.Дарк сакайып кеткенге чейин анын жанында болгон. Бирок актриса жакшы болгон соң А.Делон аны таштап кеткен.

1987-жылы А.Делон Розали Ван Бремен аттуу голландиялык манекенчи менен таанышып, экөө жарандык никеде жашаган. 2002-жылы Ален жана Розалинин ортосундагы сүйүү мамилеси токтогон. Бүгүнкү күндө актёр бойдок.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан