11- Октябрь 1974 -жылы Ырчы Нуриса Абазова туулган
Ырчы Нуриса Абазова Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун Торкент айылында туулган. 1991-жылы опера-балет театрынын астындагы опералык студияда окуган. Театралдык жаатта актёрдук кесип боюнча билим алып, актриса катары Кыргыз драма театрында эмгектенген. Алгач Бек Борбиев менен дуэт ырдап чоң сахнага аттанып, андан соң Сыймык Бейшекеев менен ырдап чыга баштаган. Элге "Эски бак", "Тазасы барбы?", "Махабат музыкасы", "Ал - махабат" аттуу ырлар аркылуу белгилүү болгон. Учурда (2015) ырчы айымдардан түзүлгөн "Достор" тобунун мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан