11- Октябрь 2005 -жылы
СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев көз жумган
СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1-даражадагы "Манас" орденинин кавалери, төкмө акын Эстебес Турсуналиев 74 жашында дүйнөдөн кайткан.
Төкмө акын Эстебес Турсуналиев 1931-жылы Манас районунун Арал айылында туулган. Тогуз жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, он эки жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өндүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Бир нече ыр китептердин автору. Кинофильмдерге тартылган. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.