15- Октябрь 1921 -жылы Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев туулган
Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1944-1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку мектепте, 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсунда окуган. Кийин "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун катчысы, адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка бет алган. Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталышта 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Андан кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган. Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, А.Табалдиев, Ч.Айтматов клубунун Эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 16-июлунда Сүйүнбай Эралиев каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан