15- Октябрь 1936 -жылы Кыргыз Эл акыны Сейит Жетимишев туулган
Кыргыз Эл акыны Сейит Жетимишев Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. 1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин бүтүрүп, ал эми 1958-жылы КМУнун филология факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Фрунзе обкомунда инструктор болуп дайындалган.
1959-1966-жылдары радиоуктурууда редактор, Кыргыз КСРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде адабият жана жаштар редакциясында редактор,
1967-1971-жылдары "Кыргызстан маданияты" гезитинин редакторунун орун басары,
1971-жылы Кыргызстан КП БКнын кызматкери,
1973-жылы "Кыргызстан" басмасынын директору,
1975-1983-жылдары "Чалкан" журналынын башкы редактору,
1987-жылы "Мектеп" басмасынын директору,
1988-1992-жылдары "Адабият" басмасынын мүдүрү,
1992-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архивдик башкармалыгынын мүдүрүнүн орун басары болуп иштеген.
Чыгармачылык жолу 1950-жылдары башталып, "Менин атам" аттуу биринчи повесттер жыйнагы 1962-жылы жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус жана коңшу республикалардагы элдердин тилдерине которулган.
Сейит Жетимишев 1966-жылдан КСРБ Жазуучулар бирлигинин, ал эми 1967-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар бирлигинин башкармасынын мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
1994-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардак наам берилген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйланган.
1994-жылы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз тили" коому уюштурган Академик Болот Мураталиевич Юнусалиев атындагы жана 2008-жылы Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы уюштурган классик акын Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан