Ош шаардык кеңешинин депутаты, Ош шаарындагы өзбек маданий борборунун жетекчиси Айбек Алимжанов курман болгон. Шаардын борборунда жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинде жакын санаалаш достору менен сүйлөшүп отурган маалда беткапчан адам Алимжановго карай ок узаткан. Башына ок тийген Айбек Алимжанов ошол замат жан берген.