10- Ноябрь 1982 -жылы СССРдин КП БКсынын генералдык катчысы Леонид Брежнев көз жумган

Советтик мамлекеттик, партиялык ишмер, СССРдин КП БКсынын генералдык катчысы Леонид Брежнев 1907-жылы Днепродзержинск шаарында туулган. 1937-жылы Курск аймагындагы окуу жайды аяктайт. 1931-жылы партияга кирип, 7 жылдан соң облустук комитеттин катчысы болуп иштеп баштайт. Согуш башталганда Түштүк фронттун башчысынын орун басары кызматын ээлеп, 1943-жылы генерал-майор чинин алган.

Согуштан кийин Л.Брежнев саясий жактан өскөн. Украинанын, андан соң Молдавиянын облустук комитетинин катчысы болуп эмгектенген. 1952-жылы Борбордук комитеттин мүчөсү болуп шайланган. И.В.Сталин өлгөндө Н.С.Хрущёвдун сунушу менен Л.Брежнев Казакстандын комунисттик партиясынын катчылыгына дайындалган.

1956-жылы кайрадан Борбордук комитетке келип, бир жылдан соң Президиумдун мүчөсунө айланат. Ал эми 1960-жылы Президиумдун төрагасы болгон. Л.Брежнев партиянын башчысы болуп дайындалганда, партиялык түзүлүш мамлекеттик түзүлүшкө өтөт. Ал бийликке келгенде бир нече советтик жазуучулардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын бири Александр Солженицын болуп эсептелет.

1977-жылы Л.Брежнев тууралуу "Эркиндик аскерлери" («Солдаты свободы») аттуу тасма жарык көрөт. Анда башкы ролду актёр Е.Матвеев аткарган. 1972-жылы Л.Брежнев инсульт алып, 1976-жылы клиникалык өлүмдү башынан өткөргөн. Саясий ишмер Виктория Денисова аттуу айымга үйлөнүп, Галина жана Юрий аттуу уул-кыздуу болгон.  Л.Брежнев 1982-жылы 10-ноябрда көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан