Легендарлуу актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Бейшеналиев Чүй боорундагы Кемин районунун Чоң-Кеминдин Калмак-Ашуу айылында туулган. Ташкендеги А.Островский атындагы театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу Кыргызфильм студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Өмүрүндө 103 кинофильмде роль аткарган.