14- Ноябрь 1889 -жылы Индиянын туңгуч премьер-министри Жавахарлал Неру туулган
Индиянын алгачкы премьер-министри, улуттук-боштондук кыймылынын лидерлеринин бири Жавахарлал Неру 1889-жылы 14-ноябрда Индиянын Аллахабад шаарында партиялык башчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жавахарлал деген ат кымбат баалуу рубин дегенди түшүндүрөт. Бала чагында Харроу шаарындагы англиялык мектепте окуп, кийин Кембридж университетинде юридикалык билим алган. Англияда окуусун бүтүргөн соң мекени Индияга кайтып келип, атасынын адвокаттык конторасында иштей баштаган. Ошол эле учурда Махатма Гандинин көз карашына таянып, Индиянын көзкарандысыздыгы үчүн күрөшө баштайт. Ж.Неру түрмөгө камалып, жалпысынан абакта 10 жылдан ашуун убактысын өткөргөн. 1927-жылы Ж.Неру Индия улуттук конгрессинин төрагасы болот. 1946-жылы Индиянын Убактылуу Өкмөтүнүн вице-премьери, ал эми 1949-жылы өлкө көз карандысыздыкты алган соң, Индиянын премьер-министри болуп шайланган. Ж.Неру премьер-министр болуп иштеп турганда экономиканын мамлекеттик секторун бекемдеп, курал-жарактар жана энергетика тармагында монополияны орноткон. Ал эми тышкы саясатта Ж.Неру нейтралдуулук принцибин карманган. Ж.Неру 1964-жылы 27-майда Дели шаарында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан