17- Октябрь 1744 -жылы
Италиялык композитор Жузеппе Гварнери көз жумган
Скрипканы жаңылап иштеп чыккан скрипка устасы, атактуу италиялык композитор Жузеппе Гварнери 46 жашында көз жумган.
Жузеппе Гварнери скрипка жасоодо анын сырткы келбетине эмес, андан чыккан дабышка чоң көңүл бөлгөн. Качан Жузеппе Гварнери каза болгондо анын скрипкаларынын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөөгө көп аракеттерди жасашкан. Бирок канча оңдоп-түзөөдөн өткөн сайын скрипкалар мурункудай тунук дабыш бербей калышкан.
Учурда Жузеппе Гварнеринин 130га жакын оңдоп-түзөөдөн өткөн скрипкасы сакталып калган. Алардын ар биринин баасы 100 миң долларга жакын. Ал эми кол тийбей сакталган эки гана скрипка сакталып, алардын баалары бир нече миллион долларды түзөт.