Өзбекстандык мушкер Руслан Чагаев Өзбекстандын күчтүү бокс мектеби бар Андижан шаарында туулуп-өскөн. Улуту – татар. Ал кубалык легендарлуу мушкер, 3 жолку Олимпиада чемпиону Феликс Савонду 2 ирет жеңип алган жалгыз бокс сүйүүчү болуп саналат (алгачкы жолу Савонду Руслан 1997-жылы жеңип, Дүйнө чемпиону аталган). Руслан профессионалдык бокско 1997-жылы аралашкан. Дүйнөлүк атак-даңкты 2007-жылы айтылуу Николай Валуевди жеңип, WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган беттеши алып берген. Мушташтарынын көбүн нокаут менен аяктап, стили Темир Майкка окшоп кеткендиктен, Ак Тайсон атка конгон.