ЖКнын депутаты Тынычбек Акматбаев №31-колонияда чыккан көтөрүлүштү басаңдатуу максатында ал жакка жол алган. Бирок көтөрүлүшчүлөр андан бетер чыр чыгарышып, кандуу жаңжал коштогон атышуу башталган. Атышууда ок Тынычбек Акматбаевге тийип, ал менен бирге анын үч жансакчысы да каза болгон.