22- Октябрь 1990 -жылы
Кыргызстан демократиялык кыймылы парламенттин 11-сессиясын утурлай саясий ачкачылык жарыялаган
Советтер Союзунун акыркы жылдары өлкөнүн башкаруучу жана багыттоочу күчү эсептелген коммунисттер консерватор жана реформатордук эки канатка бөлүнгөн. Партия жетекчилиги оор экономикалык абалды эле эмес, коомдук тартип багытын да көзөмөлгө ала албай калган. "Горбачевдук айкындык" айдыңында уюшулган Кыргызстан Демократиялык кыймылы 1990-жылдын 22-октябрында башталган Жогорку Кеңештин 11-сессиясын утурлай саясий ачкачылык жарыялаган. Аны баштагандар "москвачыл" компартия жетекчиси А.Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Мындан тышкары алар өлкөдө президенттик башкаруу киргизилип, көп партиялуу системдин орношун, Ош окуяларына саясий баа берилишин талап кылышкан.