22- Октябрь 1943 -жылы
Нидерландылык жана америкалык режиссёр Ян де Бонт туулган
Нидерландылык жана америкалык режиссёр Ян де Бонт Нидерландынын Эйндховен шаарында туулган. Ал алгач оператор болуп иштеп, 1967-жылы "Паранойя" тасмасын тарткан. Ал эми 1973-жылы "Турецкие сладости" тасмасы чыккан соң белгилүү боло баштаган. 1980-жылдардын башында АКШга сапар алып, "Крепкий орешек", "Охота за "Красным октябрём", "Смертельное оружие-3" тасмаларынын тартуу иштерине катышкан. Ал эми 1994-жылы режиссёр катары дебют жасап, Киану Ривздин катышуусундагы "Скорость" тасмасын тарткан. Андан соң "Смерч" тасмасы жарык көргөн.