22- Октябрь 2001 -жылы
Советтик жана орусиялык актёр Георгий Вицин көз жумган
Советтик жана орусиялык актёр, СССРдин Эл артисти Георгий Вицин 84 жашында оорудан улам Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумган.
Айрым маалыматтар боюнча Георгий Вицин 1918-жылы 23-апрелде төрөлгөн болсо, айрымдарында 1917-жылдын 5-апрелинде төрөлгөн деп жазылган.
Ал 1934-1935-жылдары Вахтангов атындагы театралдык училищеде окуган. Кино жаатында дебютун 1944-жылы Сергей Эйзенштейндин "Иван Грозный" тасмасында эпизоддук роль менен жасаган. Ал эми атактуулук "Запасной игрок" тасмасындагы ролу аркылуу келген. Андан соң "Она вас любит!", "Композитор Глинка", "Белинский" тасмаларында тартылган. Ал эми атактуулуктун туу чокусуна Гайдайдын "Пёс Барбос и необычный кросс", "Самогонщики", "Операция „Ы“ и другие приключения Шурика", "Кавказская пленница, или Новые приключения Шурика" комедияларындагы ролу аркылуу жеткен. Георгий Вицин акыркы жолу 1994-жылы Андрей Бенкендорофдун "Несколько любовных историй" аттуу тасмасында роль жараткан.