23- Октябрь 1920 -жылы
Италиялык балдар жазуучусу Жанни Родари туулган
Италиялык балдар жазуучусу Жанни Родари Италиянын Оменья шаарында туулган. 1948-жылы "Унита" гезитине журналист болуп орношуп, ошондон тартып балдар үчүн чыгармаларды жаза баштаган. Алардын эң белгилүүсү “Чиполлинонун окуялары”. Жанни Родари 1980-жылы 14-апрелде 59 жашында Римде көз жумган.