24- Ноябрь 1888 -жылы Америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Карнеги туулган
Дейл Брекенридж Карнеги — америкалык педагог, психолог, жазуучу. 
Жаштарды коммуникативдик жактан даярдоонун маанилүүлүгүн Америкада мамлекеттик деңгээлге алып чыккан Дейл Карнеги адамдардын карым-катнашы жана оратордук искусство боюнча институтту негиздеген. Карнегинин айтуусу боюнча коммуникабелдүүлүк ага адам катары калыптануусуна, турмуштан өз ордун табууга жардам берген. Анткени ал карым-катнаш жасай билүүнүн ыкмаларына ээ болуу менен өз күчүнө карата ишенбөөчүлүктү жеңе алган. Адамдар менен байланыш жасоонун ыкмаларына, өз көз карашына тура билүү менен аларга жетекчилик кыла алууга жетишкен. Дейл Карнеги тарабынан жазылган китеп анын мекенинде гана эмес, дүйнө жүзүнө таанымал. Психологдор эсептегендей, "Карнегинин жолу боюнча" өз турмуш жолдорун кура билген адамдар азыркы учурда "Толстой же Руссону" туураганга аракет кылгандарга караганда бир кыйла көп кездешет. Себеби коммуникативдик маданият адамдарга эл алдында сүйлөгөндө толкундоолордон арылууга, өзүнүн оюнун тууралыгын далилдей алуу менен кайсы гана чөйрөдө болбосун ишенимдүү, эркин, өз алдынча далилдүү сүйлөй билүүгө жардам берет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан