24- Ноябрь 1941 -жылы Советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков төрөлгөн

Советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков Орусиянын Свердловск же азыркы Екатеринбург шаарында туулган.

Ал Орусиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Орусия телевидение Академиясынын академиги, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн белгилүү Шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) телеберүүсүнүн туруктуу алпаруучусу жана жетекчиси. Ал аталган телекөрсөтүүнү 1986-жылдан тартып алпара баштаган.

А.Масляковдун жеке жашоосу дагы Шайырлар жана тапкычтар клубу менен тыгыз байланышта. Себеби анын жубайы - аталган клубдун режиссёру Светлана Смирнова. 1980-жылы экөөнүн ортосунда Александр аттуу уулу төрөлгөн. Ал дагы ата-энесинин жолун жолдоп, "Планета КВН", "Оюн сыртында", "Премьер-лига КВН" программаларынын алпаруучусу болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан