24- Ноябрь 1991 -жылы
Британиялык рок-музыкант Фредди Меркьюри көз жумган
Британиялык рок-музыкант, “Queen” тобунун лидери Фредди Меркьюринин өз аты Фаррух Булсара.
1986-жылы белгилүү ырчы Фредди Меркьюри СПИД оорусуна чалдыккандыгы тууралуу кептер тарай баштаган. Андан соң ММКларга анын ВИЧке тест тапшырганы тууралуу маалыматтар чыгат. 1989-жылдан тартып ырчынын сырткы келбети кескин өзгөрө баштаган. Бирок Фредди Меркьюри өмүрүнүн акырына чейин ал тууралуу жашырып келген. 1991-жылы 23-ноябрда Фредди расмий түрдө жарыялап, айыккыс ооруга чалдыкканын мойнуна алган. Эртеси күнү, 24-ноябрда кечки саат жетилер чамасында легендарлуу рок ырчысы Фредди Меркьюри Лондондогу үйүндө каза болгон.