25- Июнь 2009 -жылы Поп музыканын падышасы Майкл Жексон көз жумган
Дүйнөлүк шоу-бизнес, дүйнө эли поп музыканын падышасы деп эсептеген Майкл Жексон 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон.
Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта Гэри (штат Индиана, АКШ) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексондор балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган. Атасы "The Jacksons" деген аталыштагы топ ачып, балдарын ошол топ аркылуу тааныткан. Атасы өзү дагы музыкага жакын жан болгон. 1966-жылы Майкл атасынын тобунда башкы солист болуп ырдай баштайт. Бирок ал убакта топтун аты "The Jackson 5" болуп өзгөрүлөт. Анткени, ал топто Майкл менен чогуу анын 5 бир тууганы дагы ырдашкан. 1969-жылдан тарта ал топ элдин оозуна алынып, дүйнө жүзүнө таркаган. 1985-жылы "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом болуп, "Гиннес" китебине кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан