24- Октябрь 1942 -жылы Кинорежиссёр Динара Асанова туулган

Кыргыздан чыккан кинорежиссёр айым Динара Асанова Фрунзеде туулган. Атасы Колдош Асанов согуштан кайтпай калган. Апасы Марзия Камалова көп жылдар “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген. Динара Асанова бала кезинен абдан аракетчил болгон.

Динара Асанова Бүткүл Орусия мамлекеттик институтун бүтүрүп, мекенине келгенде, аны “Кыргызтелефильмге" “кыз бала экен, кыз баланын колунан эмне келмек эле” деп, кабыл албай коюшат. Апасы Марзия Камалова ошол кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, кызымды “Кыргызтелефильмге” жумушка албай жатышат, жардам бериңиз” деп кайрылат. Бирок Кондучалова да, ”бул болбогон жумуш” деп көңүл бурбай коёт. Ошентип, Динара Асанова “Ленфильмде” калып, дүйнөгө атагы кеткен фильмдерди жаратат. Анын “Жан дүйнөнүн ачкычы” фильми жалкоо мугалимдин образын ачкан курч фильм. Динара Асанованы ал дүйнөгө белгилүү болуп кеткенден кийин гана Кыргыз өлкөсүнө чакыра башташат.
Динара Асанова “Ленфильмде” иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн. Анын эң алгачкы “Тоңкулдактын башы оорубайт” фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, Динара Асанованын ысымы кинорежиссёр катары дүйнөгө белгилүү болгон. Динара Асанованын “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Боз балдар”, “Сүйүктүүм жана кымбатым”, “Жандүйнөнүн ачкычы” көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган. Динара Асанованын Распутиндин чыгармасы боюнча жараткан “Рудольфио” аттуу дипломдук иши да учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган. “BBC” телекомпаниясы ал тууралу “Динара Асанова” аттуу документалдуу фильм тарткан. Динара Асанованын туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет.
Советтик алгачкы кыргыз режиссёр айым Динара Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманск шаарында "Бейтааныш кыз" аттуу тасмасын тартып жатып, 42 жашында жүрөк оорусунан көз жумган. Асанова "Бейтааныш кыз" тасмасын анын акыркы жана эң мыкты тасмасы экенин айткан. Тилекке каршы, көрүүчүлөр ал тасманы көрбөй калышты. Динара Асанованын сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан