1999-жылы 22-августта Тажикстан тараптан 30га жакын куралчан адам кирип, Кожо-Ашкан менен Зардалы айылдарын басып алган. Ал эми 23-августта алар Алтын-Жайлоодо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан 4 япон геологун, котормочу Өмүрбек Жанакеевди жана генерал Анарбек Шамкеевди барымтага алышкан.