Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин жакындарын кабыл алган. Жолугушуудан кийин Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери Жогорку Кеңештин маңдайындагы митингди кандай уюшкандык менен башташса, ошондой ыкчамдык менен таратып, эски аянт бир заматта бошотулган.